Урматтуу коноктор!
«Дасторкон» этно ресторанына кош келиңиздер!

Сиздерди Кыргызстандагы көчмөн маданияттын түркүн даамдарын жана каада салттарын бириктирген рестораныбызда көрүүгө кубанычтабыз! «Дасторкон» — бул көңүлдүү баарлашуунун, сый-урматтын жана эргүүнүн мейкиндиги. Кыргызда конок ыйык, ал эми дасторкондо чогулуу токчулуктун, бакыттын жана тынчтыктын белгиси болуп саналат.

Бизде ар бир тамак көчмөн ашканасынын салттарын жана заманбап идеяларды айкалыштырып, ар бир коногубуздун ден соолугуна кам көрүү менен жөнөкөйлүк жана марттык менен жасалат. Ар бир жыпар жытта — тоолордун деми, ар бир кесимде — коломтонун жылуулугу бар. Кыргызстанды ар түрүн даам, кааада салт жана меймандостук аркылуу таануу үчүн биздин дасторконго кош келиңиз!

Бул жердеги ар бир жолугушуу — өзгөчө. Ошондуктан биз ар күнүжаңы жолугушууну күтөбүз.
Ашлян-фу: Караколдун визиттик карточкасы
Дунган ашканасынын атактуу тамагы болгон ашлян-фусуз Караколду элестетүү мүмүкүн эмес. Ага крахмал бөлүкчөлөрү, ачуу татымал жана жыпар жыттуу ачык суу жана муздак кесме кошулуп, бир убакта түркүн даамдардын айкалышын камсыздайт. Ал бир убакта ачуу, кычкыл жана сергитүүчү.
Бул тамактын аты “аш”- тамак” жана “лен-фын”- муздак крахмал деген сөздөрдөн куралган. Теги кытайлык «лен-фын» (муздак крахмал), XIX кылымда Кытайдан бул жакка көчүп келген дунгандар менен бирге Караколго алынып келген. Алар өздөрү менен бирге бай ашкана салттарын да кошо ала келишкен.  

Ашлян-фунун негизги сыры - ачуу калемпир, сарымсак, ачык суу жана жыпар жыттуу татымалдар. Дүйнөнүн эч бир жагында кайталоого мүмкүн болбогон буудай кебегинен жасалган каракол ачык суусу ага өзгөчө сыйкыр берет. 

Ашлян-фунун өзгөчөлүгү- андагы баардык заттардын кесме, крахмал, татымалдардын өз өзүнчө даярдалышы. Алар аштын жаңылыгын, жыпар жытын жана даамдардын тең салмактуулугун сактоо үчүн мейманга береерде гана аралаштырылат.
Дунгандын салттуу тамагы ашлян-фу

Эттен– күч, шорподон– сулуулук!

Жумшак, ширелүү, аш болумдуу

эт –кыргыз дасторконунун негизи,

сулуулугу жана ар намысы!

Куурдак
Куурдак ата-бабаларыбыздын байыркы тамагы. Майга куурулган эт өзгөчө уникалдуу консерваланган азыкка окшошуп кетет. Куурдак алыскы сапарда жана көчмөндөрдүн жүрүшүндө абдан ыңгайлуу болгон. Андан бир нече мүнөттүн ичинде ысык суюк тамак даярдоо мүмүкүн болгон.

Куурдак көп баскычтуу ыкма менен даярдалат. Этти өзүнүн ширесине кууруп, кайнатып бышыруу керек. Бул үчүн жаңы союлган эт, жылуулукту бирдей бөлүштүргөн калың кара казан жана ошондой эле жетиштүү убакыт талап кылынат.
Кой эти кошулган куурдак
Куурдактын ар кандай түрлөрү бар:
кара куурдак – эттен гана жасалат;   
өпкө-боор куурдак – иче карындан жасалат,
 козу куурдак – жаш козунун эти толугу менен куурулат,

төө этинен жасалган куурдак

Бешбармак
Мейманга сый көрсөтүүнүн негизи-эт. Байыртан келген конокту сыйлоо максатында жаш козу союлуп, андан негизги тамак беш бармак даярдалып, үрп адатты сактоо менен устукан тартылган.

Устукан – эти менен кошо тартылган жилик. Ар бир устукандын өзүнүн мааниси бар жанамеймандын мартабасына ыйлайык берилет. Мурунку заманда эгерде конокко даражасына дал келбеген устукан тартылса, ал катуу ызааланып, таарынып кетчү. Мындай көрүнүш алтүгүл кастыкка да алып келчү. Бүгүнкү күндө да устукандар байма бай тартылып келет. Адатта салт боюнча шорпо, андан кийин устукан жана аягында беш бармак берилет. 
Бешбармак – майда тууралган эт, кесме, пияз кошулган чык менен жасалган тамак. Бул тамак устукандан кийин берилет. Мезгилге жана аймакка жараша бешбармак кесмесиз да даярдалышы мүмкүн. Бешбармактын бир нече түрү бар.
“Нарын”– эң байыркы жана калк арасындагы кеңири жайылган тамактардын бири. Ал бүгүнкү күнгө чейин кыргыз элинин негизги майрамдык сүйүктүү тамагы. Оозеки элдик чыгармачылыкта “Нарын” көп кездешет. “Нарындын” негизин майда тууралган эт жана шорпо (чык) түзөт. Өткөн кылымдын 30-жылдарында “Нарынды” кол менен жегендиктен тамашалуу “беш бармак” деген атка ээ болот. Ошол эле жылдары “Нарынга” кесме кошо башташкан.
Бешбармак
Ошентип баардыгы жакшы көрүп жеген “Нарын” тамагынан бешбармак пайда болгон. Азыркы учурда “Нарынды” өтө сейрек бышырышат. Көбүнчө жайдын башында баглан козудан даярдашат. Ал эми беш бармак болсо кеңири жайылып, азыркы күндө конокторго сый урмат көрсөтүүчү жана майрамга өзгөчө шаң берүүчү негизги тамак аш болуп саналат.

“Нарын” үчүн атайын татымалды (чык) даярдоо үчүн кайнап жаткан майлуу шорпого майда тууралган пияз, калемпир кошуп жай отто он беш мүнөт бышырылат.
Шишкебек
Шишкебек биринчи жолу пайда болгон өлкөнү издөө- жөн гана убарачылык. Отту алгач тааныган байыркы адамдар эле этти отко бышырышкан.  Бирок, тамактын пайда болгон жери Чыгыш башкача айтканда Иран, Ирак, Ливия жана Кавказ экендиги жалпы кабыл алынган.

Бүгүнкү күндө отко какталып бышкан эттин баарын эле шишкебек деп аташат. Бирок илгери бул өзгөчө жөрөлгө болгон- атайын эт тандалып, татымалдар кошулуп, жагылчу отун да кылдаттык менен пайдаланылган, жада калса меймандарды да атайлап чогултушкан.
“Шишкебек” сөзү крым-татар тилиндеги “шиш”- шиш жана “шишлык”- “шиштеги зат” дегенди билдирет. Бүгүнкү күнгө чейин шишкебектин жыпар жыты майрамдын, достук жолугушуулардын жана чыгыш элинин берешендигин айгинелейт.
Татарлар шашлик даярдап жатышат. 1955-1957.
Чучук
Бул казы менен жылкынын этинен жасалган кыргыз колбасасы. Чучук эзелтеден кыргыздарда эң даамдуу жана сый тамагы болуп эсептелинет. Аны көбүнчө майрамдарда же конок тосуу үчүн жылкы союлганда даярдашкан. Өлкөнүн кээ бир аймактарында сый-урматтын белгиси катары чучук салттуу түрдө ардактуу конокко бүтүн бойдон беришет. Ал аны биринчилерден болуп өзү ооз тийип даамын көргөн соң, башкаларга кесип берет. 
Кесилген чучук
Тандыр
Жер жүзүндөгү эң байыркы мештердин бири болгон тандырдын өнүгүшү беш миң жылдыкка созулган. Алгач ал колго чоподон жасалып, үй тиричилигинде гана колдонулбастан, байыркы отко сыйынуучулуктун негизги бөлүгү болгон.  
Тандырдын мекени байыркы Месопотамия. Ал аккад тилинде “тинуру” деп аталган. Кийинчерээк, орто кылымдарда орто азиялык отко сыйынуучу сарттардын үйлөрүндө  ал кадырлуу буюм болуп калган. Ал эми Закавказьеде тандыр X–XII кылымдарда кеңири тараган.

Кызыгы ар түрдүү өлкөдө бул сөз ар түрдүүчө айтылган. Мисалы, Азербайджанда — «тяндир», Арменияда — «тонир» (ошондой эле диалектикалык формалары  «тондир», «тондруг»), Грузияда — «тонэ», Индияда — «тандур», Таджикистанда — «танур», Туркменистанда — «тамдыр», Чыгыш Туркестанда — «тонур», Өзбекистанда — «тандир». Испания жана Латын Америка өлкөлөрүндө тандырга окшош меш- чименея колдонулган. Анын араб жана бербер маданияты менен байланышы бар деп эсептелинет.
Аял тандыр мешинде салттуу нан бышырып жатат, 1920-жылдар.
Заманбап усталар азыр деле тандырды колу менен жасап келишет. Бирок азыркы учурда аны жасоодо пайдубалы үчүн цемент жана кышты колдонушат.

Тандырда шишкебек, самсы жана ар түрдүү улуттук нан азыктарын бышырылат

Самса
Самса - Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана бүткүл Фергана өрөөнүнүн ашканасынын ажырагыс бөлүгү болгон салттуу чыгыш тамагы. Бир караганда, бул жөнөкөй нан азыгы, бирок анын кайталангыс камыры, жыпар жыттуу татымалдары жана даярдоо ыкмасы аны нагыз ашкана чыгармачылыгына айлантат.

"Самса" өз аталышын перстердин "санбосаг" деген сөзүнөн алган. Кылымдар бою анын айтылышы ар кайсы өлкөлөрдө жана тилдерде өзгөргөн: Иранда -санбусе, Индияда- самоса, Түркияда-самса бореги, араб өлкөлөрүндө-"самбусак", ал эми  Орто Азияда "самса" же "сомса". Бул тамактын келип чыгуу таржымалы убакыттын өтүшү менен билинбей калган. Бирок көп кылымдар бою самса Азия элдеринин жана башка мамлекеттердин сүйүктүү даамы болгондугу анык.

Классикалык самса – кытырак камырдын ичине ширелүү майда тууралган кой эти толтурлуп уникалдуу жана жана жыпар жыт берген тандырда бышырлыган кондитердик азык.Мындан тышкары бул тамактын көптөгөн түрлөрү бар: сыр, тоок эти, жашылчалар, ал тургай ашкабак жана айва сыяктуу таттуу толтурмалары менен жасалган самса.

Жаңы бышырылган самса
Палоо
Бул тамак абдан байыркы болгондуктан анын келип чыгышын ишенимдүү аныктоо мүмкүн эмес. Палоо даярдоонун принциптери Жакынкы Чыгышта жана Индияда биздин заманга чейинки II—III кылымдарда, башкача айтканда, Жакынкы Чыгышта күрүч өстүрүүнүн пайда болушу менен өнүккөн деп болжолдоого болот. Күрүч Кытайда мурдараак өстүрүлгөнү менен Кытай жана Жапон ашканаларында күрүч бышыруу ыкмалары башкача болгон.

Ошондуктан бул тамак ал жактан келген эмес деген тыянак чыгарууга болот. Палоонун тамырын Индиядан издеш керек өңдүү, себеби ал жакта ага окшош, бирок вегетариандык, күрүчтамактар ​​байыркы мезгилден тарта болгон. Балким күрүч кийинчереек байыркы Персияда эт менен толукталышы мүмүкүн. Кыргызстандын түштүгүндө палоону күн сайын жешет. Өзгөчө мааракелер - үйлөнүү үлпөттөр, сөөк коюу зыяраты, жентек тойлор ж.б.у.с палоосуз өткөрүлбөйт.

Күнүмдүк турмушта палоону аялдар бышырышат; өзгөчө иш-чаралар учурунда эркектер же атайын чакырылган ашпозчулар даярдашат.
Салттуу кыргыз палоосу
Кыргыз күрүчү
“Палоо” түрк тилинен которгондо- “пилав”- “коюу күрүч ботко” дегенди билдирет. Азияны байырлаган ар түрдүү элдер сыйкырдуу тамактын даярдоо ыкмаларын сактап, ар бири өз палоосу менен сыймыктанышат.
Бадырак
Кыргыз эли байыртан тамак ашына ар түрүкүн дан азыктарын колдонуп келген. Өзгөчө буудай Орусиядан жер которуп келген келгиндердин келиши менен өзгөчө кеңири тараган. Ошол убакта жергииликтүү тургундар буудай жана башка дан азыктарын өстүрүүнү өздөштүрө баштаган. Кыргыздар буудайды жана башка аштыктарды куурулган түрдө колдонушкан. Данды жаргылчактан өткөрүп майдалашкан. Ал эми алынган акшактан ар кандай тамактарды жасашкан. Акшактарды атайын каптарда сакташкан. Акшакты даярдоо үчүн алгач дандарды кургатып, кебегинен тазалап, абага желдетип, элекке элеп анан кууруп коюшкан.

Куурулган буудай “Бадырак” деп аталган. Аны сүт же каймак менен аралаштырып (уптап) жешчү. Буудайдын жана жүгөрүнүн куурлуган дандарын жаргылчактан өткөрүп ар түрдүү тамактарды жасашкан. Ал эми тартылбаган дандардан ар кандай шорпо жана ботколорду даярдашкан.
Жаргылчак – таштан жасалган кол тегирмен.
Форель
Ысык-Көл туздуулугу аз көл. Ага 118 ден ашуун даярылар жана 11 кичине куймалар куят да андан суу агып чыкпайт. Көл деңиз дэңгээлинен 1609 метр бийиктикте Түндүк Тянь-Шан тоо кыркалары болгон Күңгөй жана Тескей Ала-Тоолорунун ортосунан орун алган. Ысык-Көл батыштан чыгышка 182 кмге, түштүктөн түндүккө 58 кмге созулат. Көлдүн бассейни 22080 чарчы метр аянтты ээлейт, узундугу -178 км, туурасы- 60 км, тереңдиги -668 м, суунун көлөмү- 1738 куб километрди түзөт. Жээктин узундугу -688 км, пляждардын жалпы узундугу болжол менен -320 км.

Ысык-Көл ойдуңунун биологиялык ар түрдүүлүгү сейрек кездешүүчү жаныбарлар жана канаттуулар менен мүнөздөлөт. Фаунасы жогорку ар түрдүүлүк менен айырмаланат, атап айткандажаныбарлардын 335ке жакын түрү: жерде-сууда жашоочулардын 3 түрү, сойлоочулардын 11 түрү, сүт эмүүчүлөрдүн 54 түрү, канаттуулардын 267 түрү бар. Анын ичинен 39 түрү Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген. Айрым маалыматтарга таянсак, көлдө балыктын 26 түрү жашайт, анын ичинде 12си башка эч жакта кездешпейт.
Ысык-Көл – Кыргызстандын жаны.
«Дасторкон» ресторанынын аш тизмесинде Ысык-Көл облусунун тунук мөңгү сууларында өстүрүлгөн түркүн түстүү форель балыгы да бар. Бул балык аймактын экологиялык тазалыгынын символу болуп саналат.
Жөнөкөй Курут
Алгач сүзмө даярдалат. Ал үчүн 5-6 литр айранды жука баштыкка куюшат. Аны 2-3 күнгө өдө илип, суусу сарыкканга чейин күтүшөт. Суусуз коюу бөлүгүн туздап, тоголоктоп коюшат.

Аларды чий, таш же чүпүрөктүн үстүнө жакшы желдетилген жерде кургатышат. Курут бир жума аралыгында кургайт. Тегиз кургатуу максатында куртуттарды улам улам оодарып турушат.
Жайлоодогу курут (жайкы тоо жайыты)
Курутсуз кыргыз дасторконун элестету мумкун эмес. Мурун курутту ар бир кыргыз уй-булоосу кунумдук азык катар колдонуп келген.
Талкан
Талкан момпосуйлары – пайдалуу жана даамдуу тамак.
Талкан азык катары да, дарылык максатта да колдонулган өтө баалуу продукт. Талкандын курамында белоктор, майлар, углеводдор, витаминдер, микроэлементтеркөп.
Талкан буудай, жүгөрү, сулуу жана таруудан жасалат. Дан эгиндери адегенде куурулуп, анан тегирменде майдаланат. Талкандан суусундукту кандыруучу максым жасалат. Ошондой эле бала төрөлгөндө бал, каймак кошулган  “жентек” азыгы жасалат. Элибизде мейманга болгон ак ниетти көрсөтүү максатында ага сөзсүз кымыз, айран жана каймак берилет.  
Эгерде үйгө жылаан кирип келсе, үйдүн ээси аны ак чачып тосуп алган. Чакырылбаган мындай конокко сый мамилени билдирүү үчүн айран же сүт беришкен. 

Кыргыздар үчүн сүт ыйык. Аны менен байлык, ырыскы жок болуп кетпеши үчүн сүттү түндө эч кимге көрсөтүшкөн эмес, жада калса аны сыртка алып чыгууга да уруксат беришчү эмес. Сүттү кудайдын белеги деп эсептеп, андан сүт азыктарынын түрлөрүн даярдкан.
Рашида
«Рашида» алмасы — сүйүү, илим жана Ысык-Көлдүн даамы тууралуу баян. «Рашида» сорту — жөн гана алманын түрү эмес, ал кыргыз илиминин жана сүйүүнүн баяны. Аны атактуу биолог, Кыргызстандагы Ботаникалык бакчанын негиздөөчүсү, илимдин доктору, профессор Энвер Гареев ойлоп тапкан. Ал өлкөдө мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн алдыңкыларынын бири.Окумуштуунун жетекчилигинин алдында тоо климатына ылайыкташкан алманын, алмуруттун, кара өрүктүн жана өрүктүн ондогон сорту чыгарылган.

Профессор “Рашиданы” өзүнүн жубайы Рашида Хамитованын урматына койгон. Ал аял окумуштуунун чыныгы шыктандыруучусу болгон. Окумуштуу бул сортту атайын Ысык-Көл облусунун түшүмдүү бактары үчүн жаратып, кыргыздын легендарлуу «Апортун» жана америкалык «Жонатан» менен айкалыштырган. Ошентип эки түрдүн эң жакшы сапаттарынан куралган алманын жаңы сорту чыгарылган. Ал “Апорт” алмасынын формасын жана кызгылт түсүн, ал эми “ Жонатандан” кычкыл-таттуу даамын алган.

Рашида алмасы укмуштуудай даамдуу гана эмес, ден соолукка да пайдалуу: ал жүрөктүн иштешин жакшыртат, боорду тазалайт жана табигый антиоксиданттарды камтыйт. “Рашида” алмасынан жасалган биздин таттуу токочубузу даамдап көрүңүз. Бул сүйүү, илим жана Ысык-Көлдүн күн нуруна бөлөнгөн даамдуу азык.
Рашида алмалары